10:10 11 апреля 2019

ЖАМУнун 96 жылдыгына карата студенттер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 96 жылдыгына, университет болуп түзүлгөндүгүнүн 26 жылдыгына карата окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан спорттук иш-чара уюштурулду. Анда спорттун футбол, тогуз коргоол түрлөрү боюнча таймаш жүрдү.

Жаштар комитетинен берилген маалыматка ылайык, спорттук мелдешке окуу жайдын факультеттеринин жана колледждеринин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты. «Жаштарды спортко тартуу менен алардын ден соолугунун бекемдигине жана бош убактысын туура пайдаланууга үндөй алабыз. Ошондой эле спорт – достуктун, биримдиктин булагы, студенттер бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамиле курууга жол ачылат», - дешет уюштуруучулар.

Футбол оюну төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

- 1-орун – Табигый-техникалык факультети;

- 2-орун – Медициналык факультети;

- 3-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети.

Ал эми тогуз коргоол оюну боюнча (кыздар арасында):

- 1-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

- 2-орун – Жалал-Абад колледжи;

- 3-орун мМедициналык факультети.

Ал эми балдар арасында:

- 1-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

- 2-орун – Жалал-Абад колледжи;

- 3-орун – Медициналык факультети.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть