13:52 15 апреля 2019

Жалал-Абад колледжинин студенттери түштүк аймактагы олимпиадада 3-орунду ээлешти

Жалал-Абад мамлекеттик унтверситетинин Жалал-Абад колледжинин студенттери 15 колледждин студенттери катышкан олимпиадада 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Маалыматта Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин демилгеси менен түштүк региону боюнча экономикалык багыттагы адистиги бар колледждердин ассоциациясы түзүлгөндүгү айтылат.

«Аталган колледжде экономика багыты боюнча түштүк региондогу колледждер арасында студенттик олимпиада өтүп, ага 15 колледж катышты. Анда ЖАКтын директору Б.Турдубаеванын жетекчилиги менен «»Экономика» бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери билимдерин сынашты. 15 колледждин ичинен бугхалтердик эсеп предмети боюнча ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 3-орунду ээледи. Кийнки жылда студенттердин экономикалык багыттагы олимпиадасын уюштуруу эстафетасын Жалал-Абад колледжи алды», - деп билдиришти колледжден.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМУ билим берүүнүн 6 багыты боюнча программалык жана институционалдык аккредитациядан өтөт

ЖАМУнун окуу корпустарынын сырттары оңдолуп, жаңы түс берилди

ЖАМУда окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди

ЖАМУнун окутуучусу Г.Абдырахманова «Экономика илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасына ээ болду

ЖАМУда «Июнь окуяларынын себептери, сабактары жана жыйынтыктары» аталышында онлайн илимий-тарбиялык тегерек стол өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up