18:43 16 октября 2019

География боюнча республикалык олимпиадада ЖАМУнун студенттери жеңишке жетишти

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин студенттери Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында география предмети боюнча өткөрүлгөн III республикалык олимпиадада 1-орунду ээлешти.

Олимпиада И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү. Ага ЖАМУдан А.Ороскулов, А.Тагаева, Б.Сабирова, А.Толтоева жана З.Токтосун кызы катышкан. Олимпиадага студенттерди окутуучулар Т.Жолдошова менен А.Молдомусаева даярдашты.

Олимпиадага 8 жогорку окуу жайдын студенттери катышып, 2 багыт (теориялык жана практикалык) боюнча күч сынашты. 11-октябрда олимпиаданын теориялык бөлүгү И.Арабаев атындагы КМУда өтсө, практикалык бөлүгү 12-октябрда «Ала-Арча» улуттук паркында уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМУда окуу корпустарынын санитардык абалы текшерилди

ЖАМУнун окутуучусу Г.Абдырахманова «Экономика илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасына ээ болду

ЖАМУда «Июнь окуяларынын себептери, сабактары жана жыйынтыктары» аталышында онлайн илимий-тарбиялык тегерек стол өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юридика илимдери боюнча Диссертациялык кеңеш ачылды

ЖАМУда профориентация иштери жүрүп жатат

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up