10:47 25 ноября 2019

ЖАМУнун студенттеринин арасында «Көчмөндөр маданияты - 2019» фестивалы өткөрүлдү

аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында «Көчмөндөр маданияты - 2019» фестивалы өткөрүлдү.

Фестиваль ЖАМУнун студенттери арасында достук мамилени чыңдоо жана жаштарды улуттук маданиятты билип, аздектеп сактоо менен бирге көп маданияттуулукка, бөтөн элдердин маданияты менен тааныштырып, аны урматтоого тарбиялоо жана аларды өткөн тарыхтагы көчмөн элдердин жашоо турмушу, салтуу маданияты, искусствосу, кол өнөрчүлүгү менен жакындан таанышуусуна шарт түзүү жана таланттуу, шыктуу студенттерди эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулган.

Фестивалдын программасы:

1. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн элдик оозеки чыгармачылыгы (оозеки чыгармалардан үзүндү айтуу);

2. Дүйнөлүк көчмөндөр ыры;

3. Дүйнөлүк көчмөндөр бийи;

4. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн кийим-кечеси, каада-салты, үрп-адаты (ар бир топ өздөрүнө бөлүнгөн көчмөндөрдүн кийимдеринен дефиле көрсөтүштү).

Фестивалдын женүчүүлөрү дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чарада төмөнкүдөй номинациялар болду:

- “Эң мыкты дүйнөлүк көчмөндөр ыры”;

- “Эң мыкты дүйнөлүк көчмөндөр бийи”;

- “Эң мыкты дүйнөлүк оозеки чыгарма”;

- “Эң мыкты дүйнөлүк көчмөндөр кийимдери”;

- “Эң мыкты ордо командасы”;

- “Эң мыкты балбан”;

- “Эң мыкты команда” (аркан тартыш боюнча);

Студенттер көчмөн элдеринин маданиятын көрсөтүштү:

- Кыргыз маданияты– Медициналык колледжи;

- Алтай маданияты – Медицина факультети;

- Түрк маданияты – Экономикалык-юридикалык факультети;

- Казак маданияты– Табигый-техникалык факультети;

- Өзбек маданияты– Жалал-Абад колледжи;

- Түркмөн маданияты – Филология факультети;

- Хакас маданияты – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть