Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр арасында «Ден соолук - 2020» аталышындагы спартакиадасы жыйынтыкталды.
Мелдешке жалпы 7 курама команда катышып, 8-январдан 12-январга чейин созулду. Спартакиадада аялдар жана эркектер арасындагы командалар стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, футбол, волейбол жана аркан тартыш оюндары боюнча күч сынашты.
Иш-чараны ЖАМУнун Ден соолук борбору ректорат менен биргеликте уюштурган.
Спартакиаданын соңунда жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Жыйынтыгында мыкты курама командалар аныкталды:
- 1-орун — ректорат;
- 2-орун — педагогика жана маалымат технологиялар факультети;
- 3-орун — табигый-техникалык факультети;
- 4-орун — медицина факультети;
- 5-орун — филология факультети;
- 6-орун — экономикалык-юридикалык факультети;
- 7-орун — майда тейлөө персоналы.