АКИpress окурмандарынан кечирим сурайт. Бардык маалыматтарды ыкчам, так, объективдүү жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып жатат. ЖМК өзгөчө абал учурунда уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн түрүнө кирген эмес.

9:25 18 января 2020

ОшМУнун волейбол клубунун оюнчуларына спорттук кийимдер тапшырылды

ОшМУнун «Университет» волейбол клубунун оюнчуларына спорттук кийимдер тапшырылды. Спорт кийимдерин клубдун президенти, ОшМУнун ректору, доцент Кудайберди Кожобеков тапшырды.

«Окуу жай силерге бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө даяр, силер да окуу жайдын намысын коргоп, мыкты оюн көргөзгүлө. Волейбол — командалык оюн. Ынтымак, биримдик болсо гана жеңишке жетесиңер. Баарыңарга ийгилик, окууларыңарга жетишкендик каалайм», - деди К.Кожобеков.

«Клубдун балдары физикалык, психологиялык жактан да оюнга даяр. Азыр күн сайын машыгуу жүрүп жатат. Курамда дээрлик окуу жайдын студенттери машыгат», - дейт клубдун машыктыруучусу Эрлан Таирбек уулу.

ОшМУнун «Университет» волейбол клубу 2018-жылы август айында негизделген. 2019-жылы Жогорку лигада 3-орунду камсыз кылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ОшМУ жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштеп чыкты

ОшМУнун ректору видеоконференция аркылуу бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өттү

ОшМУ KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен бирге студенттерге ыңгайлуу жаңы программа иштеп чыкты

ОшМУ коронавирусту алдын алуу иш-чаралары үчүн 700 миң сом акча каражатын бөлдү

Ош мамлекеттик университетинде жана студенттик жатаканаларында дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up