Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директору Жоромамат Арзиев «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы менен сыйланды.
Сыйлыкты 20-январда өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков тапшырган.