11:42 3 февраля 2020

ОшМУнун студенттери Россия жана Европанын университеттерине окууга аттанышат

2020-жылдын 30-январында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобекова, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Россия жана Европага академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча билим алууга аттанып жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда студенттер жакшы билим алып, жакшы жүрүп, тажрыйба, билим топтоп келишерин белгилешти. Ошондой эле алара университеттин жетекчилигине, жамаатка ыраазычылыктарын айтышты.

2019-2020-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында Россиянын Новгород мамлекеттик университетине 3 студент, Воронеж мамлекеттик университетине 3 студент, Петрозавод мамлекеттик университетине 2 студент окууга аттанышты.

«»Эразмус+» программасы уюштурган сынактын жыйынтыгында Испаниянын Кадис университетине 4 студент, Түркиянын Жумхурият университетине 1 студент өтүп, окууга жөнөп кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть