12:15 20 февраля 2020

Ош улуттук драма театрында ОшМУнун Киноакадемиясы «Төрт адам» драмасын тартуулады

Ош улуттук драма театрында 17-февраль ОшМУнун Киноакадемиясы тарабынан Мар Байжиевдин «Төрт адам» драмасы тартууланды.

Сүйүү менен жек көрүүнүн, асылдык менен аксымдыктын, материалдык байлык менен жан дүйнө байлыгынын күрөшүн чагылдырган «Төрт адам» драмасы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, дүркүрөгөн кол чабууларга татыды.

Өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Кожобеков ОшМУнун Киноакадемиясы ачылганына аз убакыт болсо да, республикалык деңгээлдеги фестивалдарда жеңишке жетип жатканы, талбай эмгектенүүнүн акыбети экенин белгиледи.

Ошондой эле мыкты роль жараткандыгы үчүн Киноакадемиянын 2-курсунун студенттери Мариппай кызы Айганышга, Өмүрбек кызы Дианага, Манас уулу Жорбосrо, Нурлан уулу Нурилимге Ыраазычылык баракчасын, койгон режиссору Кутман Шарабидин уулуна ОшМУнун Ардак грамоталарын тапшырды. Ал эми директору У.Омокеевге акчалай сыйлык ыйгарды.

Киноакадемиянын студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» февтивалында «Мыкты дебют», «Мыкты актриса», «Эң мыкты аялдын образы» наамдарына татып келе жатышат. Ошондой эле Тимур Маматкуловдун режиссерлугунда «Наристенин чаңырыгы», Дарбан Алайчиевдин жетекчилигинде «Катылган сыр» кинотасмаларын жарыкка чыгарышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ОшМУнун окутуучулары электрондук даректерге ээ болушту

ОшМУ «Аралыктан билим алабыз» аталышында видеосынак жарыялады. Байге фонду 60 миң сомду түзөт

ОшМУ жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштеп чыкты

ОшМУнун ректору видеоконференция аркылуу бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өттү

ОшМУ KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен бирге студенттерге ыңгайлуу жаңы программа иштеп чыкты

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up