15:58 2 марта 2020

ОшМУнун «Билим» лицейинин жана «Ыйман» гимназиясынын окуучулары республикалык олимпиадага жолдомо алышты

Республикалык олимпиаданын III этабында Ош мамлекеттик университетинин «Билим» лицейинин жана «Ыйман» гимназиясынын окуучулары алдыңкы орундарды ээлешти.

2-мартта өткөн университеттин административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков алдыңкы орундарды алган окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди куттуктап, кийинки республикалык турга жолдомо алган окуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиаданын III этабында «Билим» лицейинин 10-классынын окуучулары Муратбек кызы Айгерим биология предметинен 1-орунду, Кумар кызы Аида география предметинен 2-орунду ээлеп, республикалык турга жолдомо алышты. Ал эми 11-класстын окуучусу Абдисалам кызы Элина математика предметинен 3-орунду ээледи.

«Ыйман» гимназиясынын 11-классынын окуучулары Касымбек уулу Муса орус тили предметинен 1-орунду ээлеп, республикалык турга жолдомо алса, Мукумова Гүлбурак география предметинен 3-орунду, Назирбек уулу Алишер физика предметинен 3-орунду, 9-классынын окуучусу Екуббекова Шахзода математика предметинен 3-орунду ээлешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть