14:44 27 ноября 2017

Борбордук Азия университетинин студенттери Нарын мамлекеттик университетинин маданий борборлору менен таанышып чыгышты.

24-ноябрда Борбордук Азия университетинин “Кыргыз тили” курсун окуп жаткан студенттери Нарын мамлекеттик университетинин эл аралык маданий борборлору менен таанышып чыгышты. Нарын мамлекеттик университетинде уюштурулган 8 эл аралык маданий борборлор студенттерге жана шаардын калкына чет тилдерди үйрөтүү жана башка өлкөлөрдүн маданияты менен тааныштыруу вазифасын аткарышат:

• Америка таануу борбору;

• Немец тили жана маданияты борбору;

• Корей тили жана маданияты борбору;

• Түрк тили жана маданияты борбору;

• Кытай тили жана маданияты борбору;

• Араб тили жана маданияты борбору

• Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты борбору;

• Орус тили жана маданияты борбору;

Студенттер маданий борборлордун ишмердиги, чет тили курстарынын жүрүшү менен таанышып, окутуучулардын чет тили курстары жөнүндө пикирлерин угушту. Таанышуу саякатына келген студенттерди Борбордук Азия университетинин кыргыз тили окутуучусу Чымырбаев Акылбек Кусейинович жетектеп келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть