11:51 7 декабря 2017

БГУнун студенттери менен соцкызматкерлер ассоциацияцы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан кабар алышты

3-декабрь - ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясы менен биргеликте К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери Бишкек шаардык реабилитациялоо борборуна жана Бишкек шаардык карылар үйүнө барып, чакан концерт коюшуп, аларга деп арналган белектерин тапшырышты.

«Бул көрүнүш биз үчүн салтка айланып калгандай ар жылы ушул күндө барып, ал жактагылар менен бирге көңүл ачып, алардын даярдаган концерттерин көрүп, биз алпарган таттууларыбыздан аларга берип, бир аз болсо да көңүл буруп кайттык», - дешти уюштуруучулар.

«Бирок, бул көңүл буруу ушул бир күн менен эле чектелип, башка күндөрү аларды унутуп калуу дегенден алыспыз. Ошондуктан, профессор Орозалиев Эрик Садыковичтин демилгеси менен «Студенттер аралык социалдык ассоцияцасын» түзүү алдында турабыз. Ал Ассоциация түзүлсө ага студенттер волонтер болуп иштешет, ал волонтерлук топтор башка да үй интернаттар менен иштешип, ал жактарга да бара алышат», - деп кушумчалашты.

Жана ошондой эле жаз айларында Бишкек гуманитардык университетинде өтө турган «Социалдык кызмат XXI кылымда» аттуу эл аралык форумга Дания өлкөсүнөн келген волонтерлор менен биргеликте бул волонтерлорлук топтор катыша турганын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть