11:38 8 декабря 2017

«Спорт – ден-соолуктун булагы» деген девиздин алкагында И.Арабаев университеттин кызматкерлери арасында спартакиада өтүп жатат

«Спорт – ден-соолуктун булагы» деген девиздин алкагында мамлекеттик университеттин кызматкерлери арасында өтүп жаткан Спартакиада оюндары кызуу жүрүүдө.

Спартакиада футбол, тогуз-коргоол, шахмат, теннис, волейбол оюндарынын түрлөрү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүүдө.

4-декабрда футбол боюнча эркектер арасында өткөн мелдеште төмөндөгүдөй командалар жеңишке жетишти:

I орун – Дене-тарбия факультети,

II орун – Теологиялык колледжи,

III орун – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети.

Ал эми 5-декабрда шахмат боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште төмөндөгүдөй командалар ийгиликке жетишкен.

Эркектер арасында:

I орун – Экономика жана менеджмент институту,

II орун – География, экология жана туризм факультети,

III орун – Педагогика факультети,

Кыз-келиндер арасында:

I орун – Көркөм маданият жана билим берүү факультети,

II орун – Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети,

III орун – Дене-тарбия факультети.

Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында:

I орун – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети,

II орун – Теологиялык колледж,

III орун – Дене-тарбия факультети.

Кыз-келиндер арасында:

I орун – Гуманитардык билим берүү факультети,

II орун – Көркөм маданият жана билим берүү факультети,

III орун – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети.

Теннис боюнча мелдеш 7-8-декабрда, кыз-келиндер арасында волейбол оюну 11-12-декабрда, эркектер арасында волейбол оюну 13-14-15-декабрь күндөрү өтмөкчү.

Келип көрүп, командаларыңыздарды колдоп кетиңиздер! Бардык катышуучуларга ийгилик!

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть