14:48 8 декабря 2017

ОшМУда эмгек акы соңку 6 жыл аралыгында 7 жолу жогорулатылды

ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлердин айлык акылары ырааттуу жана системалуу түрдө жыл сайын үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. 2017-жылдын 1-декабрынан тартып салыштырмалуу кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 30-40%га чейин кошулган эмгек акыларды ала башташат.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда. Айлык акылардын жогорулашы ар кандай негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алып, ОшМУнун 100дөн ашык окутуучулары ипотекалык негизде турак жай алууларына да негиз болууда”,-деди.

Белгилей кетсек, декабрь айында ар бир кызматкерге жаңы жылга карата бир оклад өлчөмүндө 13 айлык сыйлык акчалар төлөнүп берилет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть