11:41 11 декабря 2017

И.Арабаев ат. КМУда аалам жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген темада таймаш өттү

9-декабрь күнү университеттин башкы имаратынын чоң жыйындар залында Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери аалам жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген темада факультеттик түзүмдөр арасында таймаш өткөрүштү.

Студенттер Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана жазуучуга арналган илимий бяндамалардын негизинде төмөндөгүдөй программа менен таймашышты:

1) Саламдашуу;
2) Көркөм окуу;
3) Дил баян;
4) Ч.Айтматовдун чыгармасынан чакан сценка;
5) Музыкалык номер.

Таймаш жогорку деңгээлде уюштурулганы катышуучулардын бардык тапшырмаларды мыкты актердук чеберчилик менен аткаргандыгынан байкалды.

Дүйнөгө сүйүүнүн кереметин даңктаган «Жамийла» повестинин негизинде чагылдырылган жана эстрада жылдызы С.Бейшекеевдин обонуна жазылган «Махабат дастаны» ыры аркылуу аткарылган сценкалар көрүүчүлөрдүн чоң колдоосуна ээ болду.

Кеченин аягында калыстар тобунун чечиминин негизинде башкы орунга факультеттин Эл аралык мамилелер тайпасынын 1-курсунун студенттери татыктуу деп табылды. Жеңүүчүлөргө ректордун Ардак грамотасы ыйгарылса, калган катышуучулар декандын мактоо баракчалары менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть