11:58 12 декабря 2017

И.Арабаев атындагы университетте кыргыз-кытай элдеринин достугун чыңдоо максатында маданий иш-чара өттү

8-декабрда Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдер кафедрасынын Кытай тилин окутуу бөлүмүнүн окутуучулары З.Молдалиева, Ж.Кудайбергенова жана демилгечи Янь Янь студенттер менен биргеликте кыргыз-кытай элдеринин достугун чыңдоо максатында маданий иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага факультеттин деканы Замир Алымкулов, декандын орун басары Мирбек Айтимбетов, ошондой эле конок катары чакырылган Конфуций институтунун директору Жан Шы Цай жетектеген делегация катышты.

Декан З.Алымкулов кечени ачып, делегация өкүлдөрүнүн факультетке көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Конфуций институтунун директору Жан Шы Цайга сөз берилди. Ал эки тараптын келечекте аткарыла турган иштери жөнүндө кеңири токтолуп өттү. КМУнун жетекчиси Т.Абдырахмановго жана З.Алымкуловго ыраазычылыгын билдирди.

Кеченин расмий бөлүгүнөн кийин студенттер кытай элдик ырлардан аткарып, улуттук бийлерден тартуулашты. Аталган тилдеги чыгармалардан көркөм окуп, улуттук каада-салттарынан чакан сценка аткарышты.

Соңунда, катышуучулар келген коноктор менен сүрөткө түшүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть