16:10 12 декабря 2017

Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде залкар жазуучу Ч.Айтматовго арналган адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлдү

2017-ж. 12-декабрда Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ЧЖЗда заманыбыздын көрүнүктүү жазуучусу, улуу даанышман, акылман, терең ойчул, руханий эмгеги кыргызга гана эмес, бүт дүйнөлүк адабиятка жана маданиятына өз калеми менен из калтырган инсан, чыгармачылыгы кылымда сейрек келүүчү феномен Чыңгыз Айтматовго арналган «Аалам алпы, залкар жазуучу -Ч.Айтматов» деген аталыштагы адабий-музыкалуу иш-чара өткөрүлдү.

Алгач иш-чаранын башталышында кинорежиссер Рыспай Садыковдун Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолуна арналып тартылган “Айтматовдун сабактары” аталыштагы документалдык тасмасы тартууланды.

Андан соң Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин илим жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Маданбеков Нуржан Жоломанович сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Нуржан Жоломанович: «Чыңгыз Айтматов өз чыгармачылыгы менен жеке кыргыз эли үчүн эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу катары таанылган. Баарыңыздарга маалым болгондой кийинки жылы Чыңгыз Айтматов агабыздын 90 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Ошол мааракелик жылга карата бүгүнкү күндөп баштап эле даярдыктар жүрө баштады. Анын бири - мисал катарында белгилей кетсем, Өкмөттүк деңгээлде атайын иш-чаралардын планы иштелип чыкты жана бекитилди. Ошону менен катар түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда Эл аралык «Түрксой» уюму тарабынан 2018-жыл «Чыңгыз Айтматовдун жылы» деп жарыялады. Бүгүнкү күндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын тематикаларынын актуалдуулугу убакыт өткөн сайын да өз маанисин жоготопой, кайрадан жаңыча чечмеленип, кайрадан тааныла бермекчи. Арабызда Чыңгыз агабыздын чыгармаларын окубаган, билбегендер жок болуш керек деп терең ишенем...» деп белгиледи.

Иш-чаранын программасына ылайык университеттин 1-курсунда окуган студенттик топтору Чыңгыз Айтматов чыгармаларынан үзүндүлөрдү тартуулашты:

- ЭУП,МЭ,МО-1-17 тобу “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан “Найман эне” уламышынан үзүндү;

- ИСТ-1-17 тобу “Бетме-бет” повестинен үзүндү;

- ЭУП,МЭ,МО -1-17 тобу Жамилия повестинен үзүндү

- “Саманчынын жолу” повестинен “Майсалбектин каты” ГСХ, СГУ-1-17 тобунун студенти Үмөталиев Кайрат;

- “Ильястын ыры” ЗЧС-1-17 тобунун студенти Бердигулов Нуркамил;

- “Чыңгызга кат” АС-1-17 тобунун студенти Төлөнов Нурданат;

- ДАС-1-17 тобу “Кассандра тамгасы” романынан үзүндү;

- БМИ-1-17 тобунун студенттери “Биринчи мугалим”

- ПЗ-1-17 тобу “Ч.Айтматовдун айрым каармандары”.

Уюштуруучулар тарабынан калыстар тобу шайланып, мыкты үзүндү тартуулаган топтордон 1,2,3-орундар аныкталып, ардак грамоталар тапшырылды. Алар: ИСТ-1-17 тобу студенттери “Бетме-бет” повестинен үзүндүсү үчүн 1-орун; ЭУП, МЭ, МО-1-17 тобунун студенттери “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан “Найман эне” уламышынан үзүндү үчүн 2-орун; Л-1-17 тобунун студенттери “Делбирим” повестинен үзүндү үчүн 3-орунга ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть