12:50 13 декабря 2017

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү

2017-жылдын 12-декабрында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Орто жана кесиптик билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» аталышындагы кызматташтык форуму болуп өттү.

Ага Академиялык алмашуулардын Герман кызматынын өкүлү профессор Нейгебауэр, университеттин ректору Омуралиева Дамира Кемеловна, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана Нарын шаарындагы алгылыктуу мекемелеринин, алып айтсак, Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмү, Кыргызтелеком, «Чыгышэлектро» филиалы, Тянь Шань райондук электр тармактары, Салкын Тѳр мамлекеттик жаратылыш паркы, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын, Кыргызстан банкы, Компаньон банкы, ДОС кредо банкы, баш аягы 30 мекеменин өкүлдөрү келип катышышты.

Форумдун ачылышында университеттин ректору Омуралиева Дамира Кемеловна, профессор Нейгебауэр, проректор Чоробаева Нарынкүл Абдыкалыковна сөз сүйлөшүп, өз сөзүндө иш-чаранын максатын белгилеп, форумдун ишине ийгилик каалап өтүштү.

Форум факультеттерде уланып, жолугушууга келген жумуш берүүчүлөрдүн өз мекемелери жөнүндө даярдалган стенддерин, презентацияларды тартуулоо менен уланды. Форумдун жүрүшүндө тегерек столдор уюштурулуп, анда студенттер менен мекеме өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир алмашуулар, талкуулар, суроо-жооптор болуп, мекеме өкүлдөрү келечектеги кесип ээлерине компетентүү кесипкөй адамдын моделин сүрөттөп беришти.

Аягында келген коноктор студенттерге ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Уюштуруучулар, мындай иш-чара студенттердин мындан ары да сапаттуу билим алышына түрткү берет деген терен ишеничте.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть