11:44 18 декабря 2017

Манастаануу институтунун 5 жылдык мааракеси белгиленди

14-декабрда мамлекеттик университтин Ч.Айтматов атындагы чоң өргөөсүндө Манастаануу институтунун 5 жылдык мааракеси белгиленди.

Институттун мааракеси менен куттуктап, жумурай журтка белгилүү инсандар, коомдук, маданий ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор, манасчылар жана университеттин кызматкерлери, студенттери келишти.

Ректор, профессор Т.Абдырахманов мааракени ачып, институттун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, баалуу белегин тапшырды.

Коомдук ишмер, белгилүү илимпоз, Манастаануу институтунун директору Топчубек Тургуналиев институттун тарыхына жана учурдагы абалына токтолуп өттү.

«Манас» эпопеясы боюнча 2012-жылдын 28-июнунда мыйзам кабыл алынган. Анын тарыхый максаттарын ишке ашыруу таризде-эпопеяны Республикада гана эмес, дүйнө элдерине кеңири таркатуу, илимий терең изилдөө, бурмалоолордон ыйык сактоо багытын көздөп, 2012-жылы И.Арабаев ат. КМУнун курамында Манастаануу институту ачылган.

Биздин институт манастаануу, фольклортаануу боюнча адистерди даярдайт. 2014-жылы аспирантура ачылып, 2016-жылдан бери «Манас ааламы» илимий журналын чыгарып баштадык. Акыркы эки жылдын ичинде кызматкерибиз 1 доктордук, 3 кандидаттык диссертацияларды даярдап жатышат.

Эл арасында руханий-мурастык байлыктарды жыйноо, изилдөө, жарыкка чыгаруу боюнча институтта борбор түзүлүп, илимпоздордун жетекчилигинде студенттер эл аралап иш жүргүзө башташты.

Бул институттун ачылышына колдоо көрсөткөн ректор Т.Абдырахмановго жана Окуу иштери боюнча проректор Т.Конурбаевга ыраазычылыгымды билдирем» – деди Т.Тургуналиев.

КР ЖК депутаты Садык Шер-Нияз, СССР Эл артисти Б.Шамшиев, КР УИАнын вице-президенти О.Тогусаков, манасчы С.Касмамбетов, КР Маданият жана Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр келишип, куттуктоо сөзү менен чыгышты.

КР УИАнын вице-президенти О.Тогусаков институт тууралуу мындай деди: «Т.Тургуналиев бул институтту ачуу үчүн көп эмгек жумшады. Министрликке, Өкмөткө бир нече жолу кайрылып, акыры маселе оң тарапка чечилип, И.Арабаев ат. КМУда Манастаануу институту ачылган. Жогорудай айткандай, Т.Тургуналиевдин жетекчилиги астында институт алгылыктуу иштерди алып барууда. Мен ойлойм, бул институт келечекте кыргыздын атын алыска тааныткан инсандарды даярдап чыгарат» деп, "Манас" энциклопедиясын тапшырды.

Илимий докладдарын Манастаануу институтунун жетекчиси Т.Тургуналиев, ф.и.д., К.Абакиров, ф.и.к., В.Акматова, т.и.к., А.Алымбаевдар окушту.

Таланттуу студенттердин концерттик программасы менен иш-чара улантылды. Жаштарды патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө жана Манасты даңазалаган чыгармалар жогорку деңгээлде аткарылып, көрүүчүлөрдүн чоң колдоосуна ээ болду.

Иш-чаранын соңунда интитуттун кызматкерлери жана студенттери эстеликке сүрөткө түшүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть