16:18 18 декабря 2017

КМУда «Майыптар күнүнө» карата жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук акциясы болуп өттү

15-декабрда Педагогика факультетинде «Майыптар күнүнө» карата жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук акциясы болуп өттү.

Акция Педагогика факультетинин жетекчисинин орун басары Мухтар Тилекеев тарабынан быйыл 13-жолу уюштурулуп, ага жалпысынан 10го жакын мамлекеттик мекемелерде тарбияланып жана билим жаткан балдар чакырылды.

Акциянын максаты, жүрүшү тууралуу М.Тилекеев тааныштырып, андан соң сөз ректор Т.Абдырахмановго берилди.

«Жыл сайын уюштурулуп жаткан кайрымдуулук акциясы быйыл 13-жолу өтүүдө. Акцияга катышып, салымыңыздарды кошуп жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындан ары да биз балдарга дайым жардам беребиз жана университетте мындай иш-чараларды уюштура бермекчибиз», – деди ректор өз сөзүндө.

Университеттин структура жетекчилеринин колдоосу менен балдардын Жаңы жылдык майрамына карата даярдалган белектер бала-бакча жана мектеп жетекчилерине тапшырылды.

Акциянын расмий бөлүгү аяктаган соң, концерттик программа тартууланды. Концерттик программада балдар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Акцияга кыргыз элинин белгилүү ырчылары да келип, өздөрүнүн салымын кошушту.

Иш-чаранын соңунда чогулган каражаттын эсеби жарыяланып, анда 112 000 сом өлчөмүндөгү каражат түшкөнүн КМУнун Профсоюз комитетинин башчысы Э.Шакиров билдирди.

Педагогика факультетинин деканы Ж.Байсалов акцияга активдүү катышкан жана көмөк көрсөткөн кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен иш-чараны жыйынтыктады.

Акцияда кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө да уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть