16-декабрь күнү Кыргыз мамлекеттик университетте жогорку окуу жайлар аралык “Мараги – оратордук искусство” жана “Жазуу” конкурсу болуп өттү.
Конкурска атайын конок катары Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Корей тилин окутуу борборунун директору Мин Че Шик, Кыргызстандагы корей окутуучуларынын ассоциациясынын президенти – Ким Че Сук, Орто Азиядагы корей окутуучуларынын ассоциациясынын президенти Пек Те Хен, Корей Демократиялык ассоциациясынын президенти Жоң Жи Соң чакырылган.
“Оратордук искусство” боюнча 8 окуу жайдан (И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-корей колледжи, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, К.Карасаев атындагы БГУ, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университети, Ош мамлекеттик техникалык университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ) 26 өкүл конкурска катышышты.
Жыйынтыгында:
1-орун – Осмонкул уулу Элдияр (8000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (2-курс),
2-орун – Айбек кызы Канышай (6000сом) – Кыргыз-корей колледжи,
3-орун – Кенжебекова Азиза (4000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (3-курс),
Самурзаева Алина (4000сом) – ОМТУ,
4-орун – Уразалиева Фарида (1000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (1-курс), Шерматова Азаткан (1000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (3-курс), Мукашова Альбина (1000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (2-курс).
“Жазуу” конкурсуна катышкан студенттердин жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
1-орун – Карыпбекова Диана (7000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (3-курс),
2-орун – Зейнеп (5000сом) – Кыргыз-корей коллдежи,
3-орун – Маратова Мерианна (3000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (3-курс),
4-орун – Арапов Алимбек (1000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (2-курс),
4-орун - Равшанбекова Айдана (1000сом) – И.Арабаев ат. КМУ, ЧТжЭМ факультети (3-курс).
Бардык орунга ээ болгон студенттерге грамоталар, калган катышуучуларга белектер тапшырылды. Конкурстун жүрүшүндө Самульнори – корей улуттук инструментинде ойношуп, ыр, бий көрсөтүлүп, көрүүчүлөр арасында лотерея ойнотулду.