15:58 28 декабря 2017

Агрардык университетте жаңы жылдык салтанат өткөрүлдү

2017-жылдын 27-декабрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун жыйындар залында жаңы жылдык салтанат өткөрүлдү. Салтанатка КУАУнун ректору, КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, УИАнын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Р.З.Нургазиев, проректорлор, декандар, колледждин директорлору, профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Ректор жыл жыйынтыгы менен куттуктоо сөз сүйлөп, КУАУнун профессор-окутуучулар курамына, кызматкерлерге Билим берүү жана илим министрлигинин төш белгилерин жана университеттин "Ардак грамоталарын” тапшырды. Ошондой эле, 2017-окуу жылындагы “Мыкты факультет” наамын алган факультеттерге акчалай сыйлыктарды жана Грамоталарды тапшырды.

1-орун – Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети - 10 000 сом жана кубок,

2-орун – Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети - 7000 сом

3- орун – Инженердик-техникалык факультети - 5000 сом

Салтанаттын соңу КУАУнун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть