13:00 17 января 2018

КУУнун 10 студенти Японияда маалымат технологияларын үйрөнүшөт

2017-жылдын 16-январында КУУнун ректору Канат Садыков «Сакура» программасынын алкагында Токай Университетине (Япония) бараткан маалыматтык жана жана инновациялык технлогиялар факультетинин 10 студентин кабыл алды. Жолугушууга о.э. кыргыз-япон борборунун кыргыз тараптан директору Канат Көлбаев жана компьютердик технологиялар жана интернет кафедрасынын башчысы Сабира Нуржанова катышты.

КТжИ кафедрасынын башчысы"Сакура" программасы жана тандалып алынган студенттер тууралуу кыскача маалымат берген соң, КУУнун ректору чет өлкөгө бараткан студенттерге ак жол каалап, калоо-тилектерин айтты:

- Бидин өлкөдө "Таза коом" долбоору ишке ашырылып жатканын эске алуу менен сиздердин факультет окуу жылынын башында башкы имаратка көчүрүлдү. Бул долбоор - санариптик мамлекет түзүүнү көздөйт, б.а. мамлекеттик кызматтардын баары компьютер аркылуу бериле баштайт. Бул абдан маанилүү.

- Башка мамлекеттерге, өзгөчө Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө баруу - адамдын көзүн ачат; окууга, үйрөнүүгө болгон кызыгууну арттырат. Токай Университетине барып келгенден кийин мен сиздердин окууга болгон кызыгууңуздар, каалооңуздар мындан да күчөп, Улуттук университеттин алдыңкы студенттеринен болушуңуздарды, мындан башка да сынактарга катышып, жеңе беришиңиздерди каалайм, Сапарыңыздар байсалдуу болсун, жакшы барып, аман-эсен келгиле!

Белгилей кетсек, КУУнун студенттери бир жума бою Токай университетиндеги сабактарга катышып, лабораторияларда япон студенттери менен биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, илим жана технологиялар (робототехника, схемотехника) боюнча тренингдерге катышып, Nissan заводунда экскурсияда болушат.

Японияга баруучу студенттердин тизмеси:

1. Калыбек уулу Омурбек (багыты - программдык инженерия, 2 курс)

2. Алыкулова Эрика Азаматовна (бизнес информатика, 2-курс)

3. Дербиш кызы Асель (программдык инженерия, 3 курс)

4. Наумов Вадим Олегович (программдык инженерия, 3 курс)

5. Сегизбаева Эльзада Санжаровна (программдык инженерия, 3 курс)

6. Жолдошева Нурпери Нурданбековна (бизнес информатика, 3 курс)

7. Урматбекова Жаркын Урматбековна (бизнес информатика, 3 курс)

8. Узбеков Санжар (маалыматтык технологиялар, 3 курс)

9. Сальпиев Шамен Шаршенбекович (маалыматтык технологиялар, 3 курс)

10. Абдыбалиева Эркайым (маалыматтык системалар жана технологиялар, 3 курс)

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть