9:06 24 января 2018

Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Политехте студенттерге лекция окуду

23-январда Санкт–Петербург шаарындагы ВОЕНМЕХ Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов Политехте болду. Ал ВОЕНМЕхке тапшырууга даярданган студенттер менен жолугуп, аларга лекция окуду. Лекцияда окуу жайдын тарыхына токтолуу менен заманбап билим берүүгө басым жасады.

«Алгач кыйын болот. Себеби башка шаар, башка талаптар — булардын баары силердин ой жүгүртүүӊөрдү кеӊейтет. Жаӊы мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлөт. Бирок кыйынчылыктарга карабай окуу керек. Кыргызстандан барган студенттер жакшы окуп жатышат», - деди ВОЕНМЕХ БМТУнун ректору Константин Иванов.

Кошумчалай кетсек, КМТУнун алдындагы Биргелешип билим берүү программалар институтунун студенттери дистанттык окутуулардан өтүшкөн. ВОЕНМЕХ БМТУнун окутуучулары математика сабагынан лекцияларды дистанттык жол менен окушкан. Бүгүн ошол лекцияларынын жыйынтыгын билүү максатында дистанттык экзамен алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть