2018-жылы республиканын илимий коомчулугу айыл чарба илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ардактуу профессору Григорий Айказович Баляндын 90 жылдыгын кеңири белгилөөдө.
Агрардык университетте 2018-жылдын 25-январында жаш окумуштуулардын жана студентердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтуп жатат. Конференцияда “Айыл чарба жана медициналык илимдер”, ”Техникалык илимдер”, “Гуманитарлык илимдер” боюнча секциялар иштөөдө.
Конференцияга Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайлары катышууда. Жалпысынан 60тан ашуун илимий макалалар кабыл алынган.
Жаш окумуштуулардын конференциянын ишине активдүү катышуусу жана анда илимий баяндама менен чыгуусу, аталган илимий конференциялардын өткөрүлүшүнүн зарылдыгын кабарлайт.
Ушул жылдын февраль айынын башында жыйынтыктоочу конференциянын өтүүсү каралууда жана бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Алардын ичинен мыкты илимий макалалар баалуу сыйлыктар менен белгиленет.
Жаш окумуштуулардын кызыктуу долбоорлорун практикалык иш жүзүнө ашыруусу профессор Г.А.Балян атындагы Фонд тарабынан каржылануусу мүмкүн.