12:20 29 января 2018

ЖАМУда академиялык мобилдүүлүк программасы ишке ашырылууда

2016-жылдын 21-майында республиканын жети дубанында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, С.Нааматов атындагы Талас мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университетинин ректорлору университеттер аралык ички мобилддүүлүктү чыңдаган "Ош декларациясына" кол коюшкан.

Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студент алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлор-окутуучулардын сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бири менен алмашып конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-конференцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү иштери камтылган.

Ошондой эле, программанын негизги максаттарынын катарына маданий-массалык иш-чаралар да камтылган. Ош мамлекеттик университетинде 2016-жылдын 20-21-май күндөрү Тарых жана маданият жылына арналган “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу Республикалык ЖОЖдор аралык студенттердин достугу үчүн фестиваль уюшулган. 2017-жылы студенттер жана окуу жайдын кызматкерлери К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болушкан. Ал эми бул жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун уюштуруусу күтүлүүдө.

Жалал-Абад мамлекеттик университети да ушул багытта жигердүү иштерди жүргүзүп, иш-аракеттерди көрүүдө. Окуу, илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруп, башка окуу жайлардагы жүргүзүлгөн иштерге катышууда. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология жана экономикалык-юридикалык факультеттеринин 5 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетине бир семестр окуп келүү үчүн жөнөтүлдү.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окууга жөнөп жаткан студенттерди ЖАМУнун окуу-иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кабыл алып, академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп, билимге ынтызар прогрессивдүү студенттерге ак жол тилеп, окууларына ийгилик каалады. Алдыда дагы аталган программанын негизинде үлкөн иштер ишке ашырыларын кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть