14:06 1 февраля 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде "Индия күнү" белгиленди

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факултетинде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер “Индия Республикасынын күнү” майрамын белгилешти.

Майрамда индиялык студенттер өздөрүнүн улуттук желегин көтөрүп, анын жанында туруп, мамлекеттик гимнин ырдашты.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, турмуштун чоң жолуна аттанып, алыста билим алып жаткан жаштар ата мекендик майрамды унутпастан майрамдашты. Индия Республикасынын күнү ар жылы 26-январь күнү белгиленип келет. Аталган майрам 1950-жылдын 26-январынан бери Республикалык Конституциянын кабыл алынган күнү катары белгиленет.

ЖАМУда билим алып жаткан студенттер да бул күнү улуттук ыр-бийлерди аткарып, майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле, желектин сүрөтү түшүрүлгөн торт жасалып, катышуучуларга тартууланды. Майрамга жалпы 1000ге жакын студент күбө болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть