11:53 2 февраля 2018

ЖАМУнун студенти грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчиликти ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын балбаны Калы Сулайманов өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда жайгашты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун жаңыланган рейтингинде жарыяланган.

Маалыматка караганда, аталган рейтинг "Иван Ярыгин" жана "Тахти кубогу" мелдештеринин негизинде жарыяланган. Калы Сулайманов "Тахти кубогу" мелдешинде өз салмак категорияларында алтын медалды жеңип алган. Муну менен К. Сулайманов 15 упайга ээ болуп дүйнөлүк рейтингде 1-орунду камсыздады.

Белгилей кетсек К. Сулайманов Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Укук таануу” адистигинин 3-курсунун студенти. Ал эми балбанды аталган окуу жайдын дене тарбия мугалими Алтын Салаев машыктырып, дүйнөлүк оюндарга даярдап келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть