ЖАМУда 6-февраль күнү Филология факултетинин 201-аудиториясында университеттин Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” клубунун кезектеги интеллектуалдык оюну болду. Ага филология факултетинин жана Жалал-Абад колледжинин 1-2-курсунун студенттери катышты.
Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында, “Даанышман” интеллектуалдык оюнуна эки командада бештен болуп, жалпы 10 студент ойноду. Мында командаларга “Кыргызстандын географиясы” жана “Менин университетим” деген темаларда 40 суроо узатылып, берилген суроолордун жыйынтыгында Жалал-Абад колледжи 16 упай топтосо, филолгия факультетинин студенттери 14 упай жыйнай алышты. Ошентип, оюндун соңунда Жалал-Абад колледжинин студенттери 2 упайга көбүрөөк топтоп, оюндун жеңүүчүсү аталышты.
Уюштуруучулар “Даанышман” интеллектуалдык оюну ар жума сайын факультеттер арасында өтүп турарын кошумчалашты.