11:32 14 февраля 2018

ЖАМУда Ооган республикасынан советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналган иш-чара өттү

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 13-февралда “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болду. Ал Ооган Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына карата өткөрүлүп, ага окуу жайда эмгектенген 6 ардагер конок катары күбө болушту.

Иш-чара Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факултети тарабынан уюштурулган. Факультеттин деканы Сапарбек Ажыкулов бүгүнкү күндүн максаты Ооган согушунун ардагерлеринин интернационалдык милдеттерин кийинки муунга даңазалоо, студенттер менен ардагерлерди жолуктуруп, жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу экенин айтты. "Өткөндү эстеп, тарыхка саресеп салуу менен келечекке бет алабыз. Андыктан, мындай улуу майрамды көз жаздымда калтырбоо керек", – дейт ал.

Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. 10 жылга созулган согушта 13 миң 833 жоокер, 179 офицер каза болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49 миң 985ге жетсе, офицерлердин саны 7 миң 132 түзгөн. Майыптардын саны 6 миң 669 болсо, 300 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми 76 аскер Советтер Союзунун Баатыры, 200 миң  жоокер күжүрмөн орденинин ээси болуп, жалпы 546 миң 255 аскер кызмат өтөгөн.

Ал эми ЖАМУда 6 Ооган ардагери эмгектенет. Алар: окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов жана кызматкерлер Абдыжапар Шерматов, Шамшидин Нурдинов, Рахимжан Сарымсаков, Камчыбек Сабиров, Марат Мамытов. Аларга арнап студенттер чакан концерттик программа тартуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть