14:27 15 февраля 2018

ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинде волейбол боюнча мелдеш уюштурулду

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультети тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурду. Ал АТФнын спорт залында орун алып, 6 команда ат салышты.

Экономикалык-юридикалык факултетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмил Төлөнов спорттук оюн Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюшулуп, анда оюн балдар арасында өткөрүлгөнүн айтты.

"Спорт ден соолуктун булагы, андыктан жаштарга бир гана билим берүү менен чектелбей, спортко да тиешелүү деңгээлде көңүл буруп келебиз. Бул таймашта мыктылардын мыктысы аныкталып, 1-орунду Юк – 1-14 тайпасы алса, 2-орунду ФКк – 1-16 тайпасы, 3-орунду БЭк – 1-15 тайпасы багындырды. Ошондой эле жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды", - деди Э.Төлөнов.

Андан сырткары, аялдардын эл аралык майрамына жана Ноорузга карата спорттук оюндар болорун кошумчалады ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть