10:54 16 февраля 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факултетинде “Биз биргебиз!” аттуу фестиваль уюштурулду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факултетинде кафедралар аралык “Биз биргебиз!” аттуу фестивалы болду. Ага жалпы беш кафедранын студенттери катышып, беш мамлекеттин улуттук маданияты студенттер тарабынан көргөзүлдү.

Филология факултетинин деканы Гүлбарчын Орозбаеванын айтымында, фестивалдын максаты достукту чыңдоо жана ар улуттун маданиятын даңазалоо болуп саналат.

"Студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү биздин милдет. Андыктан башка улуттардын каада-салтын, нарк-насилин окуу жайдан аз болсо да билип алса, келечекте чет жактарга чыгып калышса маалыматы бар болот. Мындай иш-чара жыл сайын салт катары уюштурулуп келет", - деди ал.

“Биз биргебиз! фестивалында кыргыз, орус, англис жана немец маданияты көргөзүлүп, сахналашкан көрүнүштөр студенттер тарабынан даярдалган. Аталган факултеттин жаштары ушул тилдерде билим алышат. Ошондуктан тилин билип тим болбой, маданиятын да айкалыштырып, үйрөнүп келишет.

Ал эми калыстар тобунун милдетин факултеттин деканы Гүлбарчын Орозбаева, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси Жусуп Масеитов жана Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдор аркалашты. Жыйынтыгында катышуучуларга дипломдор ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть