10:28 20 февраля 2018

ЖАМУнун 1-2-курстарынын студенттери интеллектуалдык оюнда билим сынашты

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин 303-аудиториясында 19-февраль күнү ЖАМУнун Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” интеллектуалдык клубунун кезектеги оюну болду. Бул тууралуу Жаштар комитетинен билдиришти.

Педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинин «Эндорфин» жана Жаштар комитетинен куралган «Жаштар» курама командаларынын ортосунда таймаш жүрүп, катышуучулар 1-2-курстардын студенттери болду.

Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында, “Даанышман” интеллектуалдык оюнуна эки командадан бештен болуп жалпы 10 студент ойноду. Мында командаларга “Эң, эң, эң...” жана “Дүйнөлүк тарых” багыттары боюнча 16 суроо, андан сырткары сыр сандык, блиц суроолор берилген . Жыйынтыгында “Эндорфин” командасы 16 упай топтосо, “Жаштар” командасы 15 упай жыйнай алышты. Ошентип, оюндун соңунда педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттери 1 упайга көбүрөөк топтоп, оюндун жеңүүчүсү аталышты, деп билдирди А.Усенов.

“Даанышман” интеллектуалдык оюнунун максаты — жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, ар тараптуу ой жүгүртүүгө үйрөтүү. "Алар тиешелүү адистикке ээ болуу менен чектелбестен, ар тараптуу изденип, келечегине керектүү тажрыйба алышат деп ойлойм", – деди Жаштар комитетинин төрагасы.

Аталган факультетте учурда 660тан ашуун студент тогуз адистик боюнча билим алууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть