12:24 20 февраля 2018

ОшМУнун 256 студенти бир семестр чет мамлекеттик университеттерде окуп келишти

Кечээ, 19-февраль күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков 2017-2018-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Мевлана программасы, Эразмус+, “Ош декларациясы”, эки тараптуу келишимдердин негизинде чет өлкөлүк жана өлкөбүздүн ичиндеги жогорку окуу жайларда окуп келген студенттер жана магистранттар менен жолугуп, пикир алышты.

Жолугушууда окуу жай жетекчиси учурда дүйнө жүзүндө билим берүү тармагындагы эң негизги артыкчылыктардын бири болуп саналган академиялык мобилдүүлүк өнүгүп, билим берүү жуурулушуп жаткан учурда Ош мамлекеттик университети да бул багытта алгылыктуу аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты. Башкача айтканда университет күн сайын алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлар менен байланышып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, меморандумдарга кол коюп, анын үстүндө талыкпай иштер жүрүп жаткандыгына токтолду жана учурда ОшМУ 30га жакын чет өлкөлөрдүн 170ден ашуун университеттери менен академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарына токтолуп, учурда биздин студенттер башка ЖОЖдордон мобилдүүлүктөн өтүү менен ал окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүп, кемчиликтерибиз болсо аны жоюуга салым кошуп жаткандыктарын айтты. Жолугушууга катышып жаткан мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттердин таасирлери боюнча китепче чыгаруу демилгесин көтөрдү.

2017-2018-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер, магистранттар билим алуу учурунда алган таасирлери боюнча ой-бөлүшүштү.

Жолугушууга сырткы мобилдүүлүк багытында эки тараптуу келишимдерге ылайык студенттер Япония, Кытай, Түштүк Корея, Чехия, Иран, Испания, Түркия, Казакстан өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордон жана, ички мобилдүүлүк багытында Бишкек гуманитардык университетине, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетине, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде, “Ош декларациясы” боюнча бир топ университететтерде билим алып келген 256 студент, магистранттар катышты. ОшМУда жүрүп жаткан академиялык мобилдүүлүк университетте иштелип чыккан "10+10+10+10=САПАТ" стратегиялык өнүгүү долбоорунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть