И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Абдырахманович Коңурбаев 12-февралдан 17-февралга чейин Корея мамлекетине иш сапары менен барып келди.
Иш сапардын алкагында Т.Коңурбаев Санджи университетинин жетекчилиги менен жолугушуп, ар тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп келди.
Сеул шаарындагы Корей университетинин базасында Корея, Якутия, Монголия, Бурятия, Кыргызстан ж.б. мамлекеттеринен келген окумуштуулардын «Алтай элдеринин тили, маданияты жана аларды интеграциялоо» аттуу конференциясы өтүп, анда Т.Коңурбаев «Кыргыз элинин улуттук мурастары, алардын урпактардын нарктуулуктарын калыптандыруудагы ролу» деген аталыштагы илимий баяндама менен чыккан.
Конференциянын соңунда уюштуруучулар Кышкы XXIII Олимпиада оюндары өтүп жаткан Пхёнчхан шаарына алып барышкан. Иш сапарга кеткен чыгымдардын бардыгы чакырылган тараптан каржыланган.