16:20 21 февраля 2018

ЖАМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата салтанаттуу кече өткөрүлдү (сүрөт)

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 21-февралда Филология факултетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Ким барктаса өз энесин, өз тилин, баалай билет дүйнө элинин көп тилин” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз тили кафедрасынан кабарлашты.

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө сегиз улуттун өкүлдөрүнөн турган төмөнкү топтор өз эне тилинде көркөм окуп, ошол элдин салттык көрүнүштөрүнөн көрсөтүштү:

1. Кыргыз элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Мурас” тобу

2. Орус элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Калинка” тобу

3. Өзбек элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Өзбек наво” тобу

4. Тажик элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Бехтарин” тобу

5. Англиялыктардын тилин, каада-салтын даңазалоочу “Lavender” тобу

6. Немец элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Knospe” тобу

7. Кытай элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Жунго” тобу

8. Индус элинин тилин, каада-салтын даңазалоочу “Тиранга” тобу

Кыргыз тили кафедрасунун башчысы Г. Бакированын айтымында буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясы менен бирдикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча үч айлык жарыяланып, окуу жайдын кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары калаадагы мекеме-ишканалардын документтерин кыргызчалоого көзөмөл жүргүзүп жана көмөктөшүшкөн. Жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, иш кагаздарын жана мекемелердин аймагындагы көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жүргүзүүдө алдыңкы орундарды ээлеген ишканалар I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты – деп билдирди башчы.

Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чарага ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов катышып, “ Тил жоголсо – эл жоголот деп кыргыз элинде бекеринен айтылган эмес. Дүйнөдө кайсыл тил сакталып, өнүгүп өсүүсүнө жана кеңири жайылуусуна ошол элдин үрп-адаты, адеби, маданияты, баалуулук мурастары сакталгандыгы менен саясий-стабилдүүлүгүнөн жана социалдык-экономикалык кубаттуулугунан кабар берет. Андыктан эчен кылым карыткан өз эне тилибизди сактап, кийинки муунга бурмалабай өткөрүп берсек экен деп тилейм. Биздин тилибиз бай жана кулакка угумдуу деп мактаныч менен айта албыз. Тилибизди улуттук баалуулуктар, үрп-адат, каада-салт, адеп-ыйман жана маданий, руханий мурастар аркылуу жайылтып, сактай алабыз – деген оюн билдирди.

Бул күнү бир эле кыргыз тилине басым жасалган жок, ЖАМУда көп улуттун жаштары билим алгандыктан, алар дагы салтанатка катышып, өз тилдерин даңазалашты. Белгилей кетсек ЖАМУда учурда 11 башка улуттун, 900дөн ашуун өкүлү билим алууда. Алар, Индия 815, Пакистан 4, Шри-Ланка 4, Непал 6, Бангладеш 5, Сингапур 1, Сомали 1, Тажикстан 38, Өзбекстан 13, Турция 6 жана орусиянын 7 жараны биздин университеттен билимин өркүндөтүүдө.

Дүйнөдө 6700 гө жакын тил колдонулуп келген болсо, учурда тилчи окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак ар 14 күндө бирден тил жок болууда экен. Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү ар улут өз эне тилин жоготпой сактап калуу үчүн Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму болуп эсептелген ЮНЕСКО Эл аралык уюмунун генералдык конференциясында 1999-жылы 21-февралды эне тилдин Эл аралык майрам күнү катары белгиленүүсүн кабыл алган. Ошонун негизинде 2000-жылдан бери бул майрамды 21-февралда белгилеп келебиз.

1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышкан жана бир канчасы полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан. Мына ошол окуя жогорудагы майрамды белгилөөгө түрткү болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть