15:54 24 февраля 2018

И.Арабаев атындагы КМУга академиялык мобилдүүлүктөр боюнча университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУдан жана ОшГПИден студенттер келишти

Арабаев атындагы КМУнун 2017-2018-окуу жылынын жайкы семестрине академиялык мобилдүүлүктөр боюнча университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Ош мамлекеттик университетинен жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан 23 студент билим алуу үчүн келишти.

ОшМУдан жана ОшГПИден келген студенттерди окуу жайдын жетекчилери тосуп алып, аларга КМУну тааныштырышты.

Маектешүү учурунда окуу жайдын жетекчилери билим берүү тармагы заман талабына жараша абдан тез өнүгүп жаткандыгын баса белгилеп, андагы артыкчылыктардын бири академиялык мобилдүүлүк экенин айтышты.

Окуу башкармалыгынын башчысы Октябрь Капалбаев КМУдагы академиялык мобилдүүлүк тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: «Азыркы мезгилде И.Арабаев атындагы КМУ жакынкы жана алыскы мамлекеттердеги алдыңкы деп эсептелген окуу жайлар менен абдан тыгыз байланышып, келишим түзүп, меморандумдарга кол коюп, кызматташып келе жатат.

Биздин университетке Германия, Россия, Кытай, Корея, Япония, Индия, Пакистан, Иран, Аравия, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн студенттер келип окушса, биздин студенттер дүйнөнүн 10дон ашык жогорку окуу жайларынан академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып келишүүдө.

Академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктары абдан көп. Мисал катары алсак: КМУнун студенттери башка окуу жайлардан билим алуусу менен ошол окуу жайдын артыкчылыгын, өзгөчөлүгүн көрүп-билип, канчалык бир деңгээлде өзүнө тажрыйба топтой ала алат жана билим алууга болгон кызыкчылыгын арттырат», – деди О.Капалбаев.

Маектешүүдөн соң, курам башчыларына жана тийиштүү кызматкерлерге кайрылып, студенттерди сабакка киргизүү, окутуучулар жана студенттер менен тааныштыруу, жатаканага жайгаштыруу сыяктуу тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күндө студенттер тарых, химия, психология, филология, аймак таануу, лингвистика, эл аралык мамилелер, журналистика, башталгыч класстарга билим берүү, экология, информатика, биология, география адистиктери боюнча 8 факультетте билим алып, жатаканаларга жайгаштырылды.

Жатаканадан студенттерге бардык шарты бар 4 бөлмө берилип, анда 16 студент жашап жатат.

Ал эми ОшМУ жана ОшГПИнин студенттери туңгуч агартуучу Ишенаалы Арабаевдин атын алып жүргөн 70 жылдык тарыхы бар Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алуу үчүн келгендерине ыраазы экенин жашырышкан жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть