18:04 26 февраля 2018

ОшМУнун искусство факультети заманбап архитектурада, улуттук колоритте курулуп жатат

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультети заманбап архитектурада, улуттук колоритте салынып, учурда курулуш иштери бүтүп калды.

5 кабаттан турган окуу имаратта аудиториялар, лабораториялар, залдар, лекциялык залдар, окуу кааналары орун алып, алардын баары кенен, жарык, санитардык, гигиеналык талаптарга жооп берет.

Бул жерде дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесипте окуп жаткан студенттер үчүн тигүү цехтери, көргөзмө залдары болот. Ал эми сүрөт искусствосунда окугандар үчүн дайыма иштеп туруучу көргөзмө залы жана алыскы, жакынкы, түрдүү аралыктардан сүрөт тартууга ыңгайлашкан окуу залдары орун алууда. Ал эми музыка бөлүмү үчүн жекече сабактарды, вокал, эстрада, музыкалык түрдүү форматтагы сабактарды, иш-аракеттерди өткөрүүгө атайын ыңгайлашкан спецификалык өзгөчөлүктөр эске алынат.

Коридорлор, аудиториялар, кенен, жарык, бардык талаптарга жооп берет, ал эми имараттын сыртында псейил бак орун алып, айланасы кооз аллеяга айланат. Атайын бакчалар орнотулуп, гүлдөр олтургузулат. Балдар эс алган жана көркөм чыгармачылык менен алектенүүгө бардык шарттар түзүлөт. Ал жер сүрөт тартканга ыңгайлашып, музыка багытындагы таланттар өздөрүнүн ачык асман алдында концерттерин бергенге мүмкүнчүлүктөрү болот.

Имараттын жанында жайгашкан чоң концерттик зал реконструкциядан өтүп жатат. Ал жерде да таланттардын чыгармачылык кечелерин өткөргөнгө шарттар түзүлөт.

Бул корпустун эң уникалдуулугу 38 метрге кыргыздын улуттук аспабынын эң негизгиси болгон комуздун элеси (силуэти) орнотулуп жатат жана ал түнкүсүн жанып, тыныгуу мезгилинде комуз күүсү жаңырып турат.

Имараттын көпчүлүк бөлүгү айнектен болгондуктан, шаардын көркүнө көрк кошкон, улуттук сыймык менен мактана турган, даңктана турган окуу корпусу болот.

ОшМУнун искусство факультети учурда музыкалык билим берүү, көркөм өнөр, сүрөт искусствосу, эстрадалык искусство, актердук чеберчилик, дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесип ээлерин даярдап, учурда 700дөн ашуун студенттер билим алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть