ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин студенттери 21-февраль кунү Көк-Жаңгак шаарындагы 52870 аскер бөлүгүнө барып, жоокерлердин бир күндүк жашоо турмушу менен таанышып кайтышты. Бул тууралуу колледждин директору Бариса Турдубаева бидирди.
Анын айтымында, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш-чаралар пландаштырылып, жаш муундардарды мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу максатында жолугушуу уюштурулду. «Алар жоокерлердин жашоосу жана күнүмдүк турмушу менен жакындан танышып, Көк-Жангак шаарындагы 52870 аскер бөлүгүнүн «Ачык эшиктер күнүнө» да күбө болушту», – деди Б.Турдубаева.
Ошондой эле, студенттер өзүлөрү даярдаган концерттик программасын тартуулоо менен, жоокерлерге майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми колледжде 18 адистик боюнча 2700дөн ашуун студент билим алат. Алардын 1102си эркек балдар.