11:30 2 марта 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде туризм боюнча семинар-тренинг өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде туризм экономикасы багыты боюнча Жалал-Абад областындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн 27-28-февраль күндөрү семинар-тренинг болуп өттү. Маалыматты ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гулнура Маткалыкова билдирди.

Гулнура Маткалыкованын айтымында, Европа комиссиясынын Эразмус+ программасынын "ROAD - жергиликтүү административдик башкаруунун милдеттери" долбоорунун алкагында Америка ордосунда семинар-тренинг болуп өттү. "Анда ЖАМУнун биология илимдеринин доктору Зульфия Сакбаева, биология илимдеринин кандидаты Алтынай Эгембердиева жана экономика факультетинин ага окутуучусу Панарбек Абдыкадыров катышуучуларга маалымат беришти. Ал эми аты аталган мугалимдер аталган программанын негизинде Испанияга барып, туризм экономикасы боюнча Эл аралык семинарларга катышып келишкен", – деди ал.

Семинар-тренингге облустун аймактарынан мамлекеттик кызматта туризм боюнча иш алып барган 25 адис катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть