12:22 2 марта 2018

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ЖАМУда жолугушуу уюштурулду

КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев облустун аймактарындагы жогорку, кесиптик жана орто-кесиптик окуу жайларынын студенттери менен 28-февраль күнү жолугушту. Жолугушуу Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу” аттуу темада болду. Бул тууралуу ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жалпы 210 студент келип, ЖАМУнун материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасы, Америка ордосу, Конфуций институтунун корпустары жана факультеттердин, колледждердин жетишкендиктеринин көргөзмөсү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууда университеттин жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов “Билимдүү жаштар – өлкөнүн келечеги” деген темада маанилүү жана кызыктуу баяндама жасады жана аймактарды, өлкөнү өнүктүрүү үчүн өз сунуштарын берди. Ошондой эле, башка жактан келген жаштар дагы өкүлгө кызыккан суроолорун берүү менен өзүлөрү окуган окуу жайлардын жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн айтышып, өлкөнү өнүктүрүүгө болгон сунуштарын билдиришти.

Ал эми келген студенттерге ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Усеновдун демилгеси менен түшкү тамак уюштурулду. Андан соң ЖАМУнун “JASU stars” ЖЭУнун “Торнадо”, ЖУББАнын “Без обид”, Жалал-Абаддагы №75 кесиптик лицейинин “Эксклюзив” командаларынын ортосунда тамашоу оюну болуп, ал ЖАМУнун маданий- эстетикалык борборунун кызматкерлери даярдаган концерттик номерлер менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть