14:05 3 марта 2018

ЖАМУда Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата флешмоб уюштурулду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата флешмоб болуп өттү. Ага окуу жайдын кызматкерлери жана активдүү студенттер катышты.

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранованын айтымында, флешмобдун максаты – мамлекеттин символдорун барктап, даңазалоо. "Туу куласа мамлекет кулаганды билдирет. Андыктан эркиндик, тынчтык, бакубат жашообуз уланып, элибиз өнүккөн өлкө болсун деген тилекте бүгүнкү иш-чара уюштурулду", – деп билдирди проректор.

Ал кошумчалагандай, окуу жайдын эсебинен 100дөн ашуун ак калпак, 100гө жакын желек сатылып алынып, бүгүнкү флешмобдун катышуучуларына ыйгарылды. Алар атайын ушул күнгө арналып алынган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть