15:19 3 марта 2018

ЖАМУда тамашоунун 2-созонунун ачылышы болду

Ак калпак күнүнө карата ЖАМУнун факультет, колледждеринин арасында 2-мартта “Тамашоунун” 2-сезонунун ачылышы болду. Ал окуу жайдын чоң жыйындар залында болгонун Жаштар комиетинен кабарлашты.

Комитеттин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында, оюнга жалпы 5 команда катышты. Алар филология факультетинен “New star” командасы, медицина колледжинен “Медлайн” командасы, медицина факультетинен “Мамашоу” командасы, педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинин “Динамик” командасы жана Илим ордо жатаканасынын “Ордо kg” командасы конок катары келип, оюн көргөзүштү.

Тамашоунун жыйынтыгында мыктылардын мыктысы тандалып, номинациялар ыйгарылды. Филология факультетинен “New star” командасы “Мыкты команда” номинациясы менен ал эми “Медлайн” командасынын оюнчусу жамийла Айтикеева “Мыкты капитан” номинациясы менен сыйланды. Ошондой эле, “Динамик” командасынын оюнчусу Мырзабек Нажимидинов “Мыкты оюнчу” сыйлыгына ээ болсо, конок катары келген “Ордо kg” командасы мыкты көргөзгөн тамашалары менен “Мыкты тамаша” номинациясына ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть