9:17 7 марта 2018

К.И.Скрябин атындагы КУАУда Эл аралык аялдар күнүнө арналган салтанат болуп өттү

2018-жылдын 6-мартында К.И.Скрябин атындагы КУАУда 8-март – Эл аралык аялдардын күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Рысбек Зарылдыкович университеттин профессор-окутуучуларына, кызматкерлерине жана студенттерге арнап куттуктоо сөз сүйлөдү.

Жалпы бөлүмдүн башчысы Т.Ш.Руденко КУАУнун айымдарына акчалай сыйлык берүү тууралуу буйрук менен тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору, биология илимдеринин доктору Акматова Элмира Казакбаевнага “Биология” адистиги боюнча Профессор окумуштуулук наамы, Колдонмо информатика жана маалыматтык системалар кафедрасынын улуу окутуучусу Өмүрзакова Чолпон Шайлообековнага Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы дипломдору тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть