9:30 7 марта 2018

ЖАМУда олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин Башкаруу автоматтык системасы (БАС) кафедрасы тарабынан Жалал-Абад колледжинин БАС адистигинин студенттеринин арасында 2017-2018-окуу жылында Информатика жана Программалоо сабактары боюнча олимпиада өткөрүлдү. Бул туурасында аталган факультеттен кабарлашты.

Олимпиаданын максаты – студенттердин илимий потенциалын көтөрүү, илимий-изилдөө иштерине өбөлгө түзүү жана багыттоо. Ал эми олимпиада Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти П.С.Панковдун атайын түзүлгөн программанын жардамы менен өтүп, ага жалпы 23 студент катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунду БАСк – 02-16 тайпасынын студенти Айгерим Кочкорова жана БАСк – 01-16 тайпасынын студенти Алмазбек кызы Айзада багындырышты. 2-орунду БАСк – 03-16 тайпасынын студенти Артык Молдалиев жана БАСк – 02-15 тайпасынан Айдар Чомоев ээлеп, 3-орунду БАСк – 03-15 тайпасынын студенти Өмүркан Бакышбаева менен БАСк – 01-16 тайпасынан Мээрим Матназарова алыщты.

Ошондой эле, атайын программа БАС кафедрасы менен КР УИАнын кызматташтыгынын негизинде колдонууга берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть