9:43 14 марта 2018

ЖАМУнун орус филологиясы кафедрасынын ийрими «Мен жашоону сүйɵм!» аттуу адабий-музыкалык кече уюштурду

ЖАМУнун орус филологиясы кафедрасынын «Исток» ийрими 13-мартта «Мен жашоону сүйɵм!» аттуу адабий-музыкалык кече уюштурушту. Ал ийримдин мүчɵлɵрү филол.и.к., кафедра доц. Калыбекова З.С., окутуучулар Султанбаева Д.Т., Раманкулов Ш.М., Жолборсов У.О. жетекчилиги астында болду. Бул тууралуу кафедра башчысы Айчүрөк Калмурзаева маалымдады.

Бул кеченин жүрүшүндɵ ийрим мүчɵлɵрү тема боюнча материалдарды, илимий тастыктамаларды таап, чогултушкан, аларды талдоого, салыштырууга, тема боюнча кɵз караштарын калыптандырууга жетишти. Кечени уюштуруу жана ɵткɵрүү учурунда ийрим мүчɵлɵрүнɵ орус тилде сүйлɵшүүгɵ жасалма чɵйрɵ түзүлүп, орусча сүйлɵшүү кɵндүмүн ɵркүндɵтүүгɵ шарт түзүлдү. ϴткɵрүлгɵн кече бир гана тема боюнча илимий элестетүүлɵрүн гана ɵркүндɵтүү менен чектелбестен, Мекенди коргоочуларга болгон сый-урматты, патриоттуулукту, жашоого болгон кызыгууну жана сүйүүнү ɵнүктүрүүгɵ шарт түздү.

"Кечеге конок катары филология факультеттин деканы, филол.илим.канд., доц. Г.А.Орозбаева, филол.илим.канд., доц. Ы.Жолдошалиева катышып, ушундай кызыктуу жана тереӊ маалымат камтыган кечеге ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми «Исток» ийрими ЖАМУда ɵтүп жаткан «Мыкты ийрим» сынагынын катышычуусу", – деп кошумчалады А.Калмурзаева.

Аталган ийрим 2010-жылдан баштап иштеп келет. Уюштурулган күндɵн баштап бир нече сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеген. "Анын негизги максаты тилдик эмес факультеттердин студенттеринин орус тил боюнча билимин терендетүү, ɵздɵрү тандап алган адистиктердеги кɵйгɵйлɵрдү чечүүдɵ тил компетенцияларын ɵнүктүрүү, орус тилде далилдɵɵчү базаларын жана аргументацияларды колдонуу менен орус тилинде дискуссия жүргүзүүгɵ үйрɵтүү, эне тили эмес тилдүү чɵйрɵнү ɵзүнүн эне тилиндей кабыл алууга максималдуу түрдɵ жакындатуу болуп эсептелет. Мындай максатка жетүү үчүн ийрим тарабынан ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Алсак, 2015-2016-окуу жылында ийрим «Славяндар маданияты» майрамын, 2016-2017-окуу жылында «Гүлдɵр, гүлдɵр…» майрамын ɵткɵргɵн", – деди кафедра башчысы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть