9:37 16 марта 2018

НМУда профессор Т.Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

2018-жылдын 14-мартында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты усулканасынын ачылыш аземи болду. Усулканага филология илимдеринин доктору, профессор Т.Токоевдин ысымы ыйгарылды. Ачылыш аземин НМУнун ректору э.и.д., профессор Д.К.Өмүралиева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Окумуштуунун үй-бүлөсү Т.Токоевдин өздүк китепканасындагы 2000ге жакын илимий китептерди жана адабияттарды С.Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасынын фондуна белек кылышты. Бул иш-чарада окуудагы жана иштериндеги мыкты ийгиликтерди жараткан 3 студентке жана 4 окутуучуга профессор Т.Токоевдин которуусундагы Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгеги сыйлык иретинде ыйгарылды.

Ачылыш аземинде КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти О.Тогусаков, КР Улуттук илимдер академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы, ф.и.к Д. Ибраева, КУУнун доценти, ф.и.к. И.Султаналиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин журналисти К. Раматов, профессор Т.Токоевдин шакирттери, үй-бүлөсү, туугандары куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар Т. Токоевдин инсандык жана окумуштуулук бейнеси тууралуу пикирлерин ортого салышты.

Окумуштуунун жубайы жана балдары ар жыл сайын университеттин мыкты студенттерине Т.Токоев атындагы стипендия берип турууну чечишти.

Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеӊешинин чечими менен Нарын мамлекеттик университетинин өнүгүшүнө, кыргыз илимине кошкон зор салымы үчүн профессор Т.Токоевге каза болгондон кийин “С.Нааматов атындагы медаль” ыйгарылды.

Усулкана жана профессор Т.Токоевдин үй-бүлөсү тартуулаган китептер НМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кыргыз тили, адабияты адистигинде окуп жаткан студенттер үчүн баалуу белек болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть