13:30 17 марта 2018

ЖАМУнун филология факультетинин студенттери Жалал-Абадтын көчөлөрүндөгү жарнактардан ката табышты

ЖАМУнун Филология факультетинин 313-каанасында 16-мартта орус филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Гүлзада Калмуратова «Орус тилин окутуу усулунун практикуму» сабагынан ОТ-1-15 тайпасына ачык сабак өттү. Анда «Үйрөтүүчү жат жазууларды өткөрүүнүн усулу» деген аталыштагы ачык сабак болгонун кафедра башчысы Айчүрөк Калмурзаева билдирди.

Анын айтымында, сабакта кесипке багытталган, азыркы турмуш менен байланыштуу, кызыктуу жана көргөзмөлдүү ошондой эле сабакта жаңы ыкмалардын жана окутуунун заманбап технологиялары колдонулган.

Ал кошумчалагандай, 1 жума мурун студенттерден Өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлүп, аларга тапшырма берилген: шаардын көчөлөрүндө кездешкен орфографиялык жана пунктуациялык каталарды таап, сүрөткө тартып келүү болгон. Балдар тапшырмаларды аткарып, калаадагы бир катар жарнактар кыргыз-орус тилинде ката жазылганын таап, сүрөткө тартып келишкен.

Ал эми сабактын жыйынтыгы менен Г.Калмурзаева ал каталарды оңдотуу максатында, шаардык мэрияга сунуш берген. Белгилей кетсек бул сабакка 20 студент жана кафедранын окутуучулары катышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть