19-март күнү Ош технологиялык университетинин ректоратынын демилгеси менен Ош шаарындагы Ак-Буура тазалоо иштерин жүргүзүү иш-чарасы кабыл алынды.
Ага ылайык, Ак-Буура дарыясын тазалоого жалпы 200гө жакын студенттер, окутуучулар катышты. Белгилей кетсек 17-март күнү да ОшТУнун жамааты жана студенттери Ош шаарынын тазалыгы үчүн ишембилик өткөрүшкөн. Бул иш чара тез-тез өткөрүлүп турмакчы дейт ОшТУнун тарбия иштери боюнча департаменттин директору Рамис Ыдырысов