9:52 20 марта 2018

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

2018-жылдын 16-мартында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедрасы тарабынан «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу облустук деӊгээлдеги тегерек стол уюштурулду. Аталган тегерек столго Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусундагы координатору С.Нурмамбетов, НМУнун ректору, профессор Д.К. Өмүралиева, НМУнун илим боюнча проректору Н.А.Чоробаева, Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы тарыхий-этнографиялык музейинин өкүлдөрү, Нарын шаарынын айрым мектептеринин мугалимдери жана окуучулары, Ж.Саалаев атындагы илимий китепкананын өкүлдөрү, Памирлик кыргыздар, НМУнун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышты. Анда ардагер-санжырачы Оболбек Мамытов агабыз улуттук ат оюндары жана саяпкерчилик боюнча, НМУнун окумуштуулары т.и.к., доцент Токобаева Г.Ш., т.и.к., проф.м.а. Бектемирова А.К., т.и.к., доцент Эсеналиева Г.Ө., т.и.к. Саргашкаев Э.А. - улуттук спорттогу кыргыз элинин чүкө оюндарынын өзгөчөлүктөрү жана анын пайдасы туурасында, ошондой эле ат үстүндөгү жоо ойнолгон күч оюндары туурасында абдан кызыктуу илимий баяндамалар менен чыгып сүйлөшүп, кызыктуу ой-пикирлер айтылып, талкуу жаратты. НМУнун Ж.Саалаев атындагы илимий китепкананын директору Г.Кыдыралиева «Көчмөндөр оюну - Кыргызстандын бренди» деген темада китеп көргөзмөсүн уюштуруп берди. Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей интернатынын тарых мугалимдери Ү.Кенжешова жана Б.Абылова «Көчмөндөр оюндарынын тарбиялык мааниси» деген темада илимий баяндама жасашты. «Манас ааламынан көчмөндөр оюнуна чейин» деген темада НМУнун ага окутуучусу, «Ала-Тоо ынтымагы» партиясынын депутаты Э.Чымылдаков кызыктуу маек куруп берди. Жыйынтыгында, аталган тегерек столдун активдүү катышуучулары ыраазычылык каттар жана грамоталар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

НМУда профессор Т.Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть